Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 37, 252-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган иштин алкагында, инженердик-сапердук топ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын 10-март күнү Ош шаарынын “Амир-Тимур” микрайонунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды.
Жашыруун жайда, желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча — 1 даана, (9 мм), граната Ф1 — 1 даана, детонатор капсуласы — 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар — 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды.
Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.