7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кылмышка шектүүдөн пара талап кылууга шектелип эки тергөөчү кармалды

112
Ош облусунда акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван РИИБнын тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кыматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. тарабынан 3000 доллары өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталды.
Такталгандай, кармалган О.Г.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотом деп аталган тергөөчү К.у.О. аттуу жарандан 3 000 доллар акча каражатын талап кылган.
Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Ош облусунун Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү милициянын капитаны С.Н.С. ортомчулук кылган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 600 доллар алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
113