7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мамлекетке 13 миллион сом чыгым келтирген «С.Т.» ЖЧКсынын иши тергөөдө

146

«С.Т.» жоопкерчилиги чектелген коомунун жооптуу адамдарына мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарындагы Кеңсай турак-жай конушуна кирүүчү жана шаар ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражатын которгону аныкталган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштардын көлөмү болжол менен 13 миллион сомду түздү.


«2020-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, аталган ЖЧКнын жетекчиси, «П.Т.» аттуу жаран кармалган. 28-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан ага карата Ош шаарындагы СИЗОго камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы колдонулган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын коргогон чиновниктер аныкталып, мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу иштери жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

147