7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мандат алуучулардын тизмеси. Ишкер, мугалим жана мэрия кызматкерлери

5016

Кечээ, 11-июль Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо  болуп өттү. Ош шаардык кеңешине жалпы 9 партия ат салышып, 4 партия 7%дык босого баллдан жогору добуш алып, мандатка ээ болуу алдында.

Эске салсак, «Ынтымак» партиясы шайлоого бир күн калганда катышуудан баш тартты.

БШКга берген тизме боюнча төмөндөгү талапкерлер мандат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  Бирок, талапкерлер мандаттан баш тартып, муниципалдык кызматка кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, ИИМ шайлоого чейин жана шайлоо күнү катталган мыйзам бузуулар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Анын натыйжасы менен иш козголгон талапкерлерге да мандат тапшырылбайт.

«Ата-Журт Кыргызстан» — 19 мандат

  1. Сонунбек Жунусбаев, 36 жашта, мэриянын кызматкери;
  2. Жыргалбек Тажибаев, 36 жашта, жумушсуз;
  3. Гүлсара Кулдышева, 55 жашта, ОшМУнун кызматкери;
  4. Мирбек Маматов, 38 жашта, «ОшГАЗ» ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  5. Мирлан Атабаев, 34 жашта, «Бердике-ата Курулуш» ишканасынын директору;
  6. Хулкар Исамова, 44 жашта, «Рейтер Лимитед» компаниясынын аймактык журналисти;
  7. Бекмурза Эргешов, 47 жашта, Каратэ федерациясынын Ош облусундагы президенти;
  8. Бекболот Арзибаев, 36 жашта, жумушсуз;
  9. Бахтияр Турсунбаев, 55 жашта, мэриянын алдындагы №3 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси;
  10. Медербек Мырзабеков, 41 жашта, жеке ишкер;
  11. Нурбек Исмаилов, 36 жашта, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору;
  12. Дамира Абдибаева, 54 жашта, «Даннур — Юг» ЖЧКсынын кызматкери;
  13. Жохонгир Сайфуллаев, 29 жашта, жумушсуз;
  14. Азамат Төлөнов, 34 жашта, «Төлнөв» жеке ишканасынын директору;
  15. Айгүля Караева, 46 жашта, «Сладкий день» ЖЧКсынын башкы директору;
  16. Замирбек Толубаев, 35 жашта, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
  17. Болотбек Баетов, 32 жашта, жеке адвокат;
  18. Уларкан Акматова, 39 жашта, университетте мугалим;
  19. Алтынбек Зайнидинов, 46 жашта, административдик чарба департаментинин башчысы;

«Биздин Кыргызстан» — 15 мандат

  1. Медербек Абдыманапов, 28 жашта, Youth of Osh уюмунун программалык менеджери;
  2. Шайырбек Нуранов, 43 жашта, жумушсуз;
  3. Назима Алмазбек кызы, 29 жашта, жумушсуз;
  4. Темирбек Абдыкалыков, 36 жашта, жумушсуз;
  5. Улан Каналиев, 26 жашта, Мамлекеттик кадастрдын видео тартуу бөлүмүнүн адиси;
  6. Нуркыз Кадырбек кызы, 42 жашта, министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы;
  7. Нуржигит Раимов, 36 жашта, жумушсуз;
  8. Бектурсун Маманов, 27 жашта, «Каганат Инвест» ЖЧКсынын директорунун жардамчысы;
  9. Жамал Ормонова, 57 жашта, «Жамал» ЖЧКсынын директору;
  10. Шумкар Пазылов, 36 жашта, жумушсуз;
  11. Абдисаит Каримбеков, 37 жашта, Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  12. Аида Раимбердиева, 39 жашта, жумушсуз;
  13. Нурсейит Муратов, 27 жашта, «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  14. Өмүрбек Жолдошов, 41 жашта, «Кыргыз Цемент» ЖЧКсынын директору;
  15. Айжана Эрмекбаева, 40 жашта, ОшМУда мугалим;

«Улуттар биримдиги» — 7 мандат

  1. Абдижапар Аккулов, 54 жашта, ОшМУнун алдындагы институттун директору;
  2. Хашим Ахмаджанов, 63 жашта, «РусАзиятранс» компаниясынын директору;
  3. Нурила Самиева, 53 жашта, жумушсуз;
  4. Алимбек Мавлянов, 48 жашта, «Холдинг Датка» ЖЧКсынын вице-президенти;
  5. Фахридин Нематов, 33 жашта, Ош шаарындагы №47 орто мектептин мугалими;
  6. Роза Жоошбаева, 38 жашта, «Тур Профи Сервис» ЖЧКсынын директору;
  7. Мамир Абдуллаев, 47 жашта, жумушсуз.

«Бир Бол» — 4 мандат

  1. Эсенбек Арзиев, 47 жашта, «Азия Пласт» ЖЧКсынын директору;
  2. Нурислом Каримов, 30 жашта, жумушсуз;
  3. Айгүл Салиева, 40 жашта, «Дом Строй Групп» курулуш компаниясынын директору;
  4. Кушбак Шайиев, 32 жашта, жумушсуз;

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5017