7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто милициянын полковниги пара алып жаткан жеринен кармалды

570

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-сентябрында кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБнын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М.А. кармалды.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралып, (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине материал катталган.

Кармалган кызматкер Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка дагы адамдар иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571