7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мугалим баңгизат менен кармалды

903

Ош шаарында 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалганын ИИМден билдиришти.

Аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүү учурунда Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген аял көптөн бери баңгизатын таратып жүргөндүгү аныкталган.

«1 кг ашык “гашиш” баңгизатын сатууга аракет кылган 1993-жылкы жаран кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылыйык кылмыш иши козголгон. Шектүү жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда баңги кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда»,- дешти.

 

 

904