ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалды.
Д.К.Т. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош аймактык башкармалыгынын юристи болуп, 2021-жылы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган. Ишенимге кирип, курулуш компаниялардын биринин директорунан, Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга маморгандардан уруксат берүүчү керектүү документтерди тоскоолдуксуз алганы үчүн 14 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алган.
Андан тышкары, кармалган жаран кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары «Тайота Фораннер» үлгүсүндөгү жол тандабасты алып, аны жакын тууганына каттаткан. Алган милдеттенмелерин аткарган эмес жана алынган акча каражаттарын кайтарган эмес.
Ош шаардык сотунун 15-марттагы чечими менен кармалган жарандын баш коргоо чарасы УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө тандалып алынды. Учурда иш боюнча тергөө уланууда.