Ош калаасында оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 бала унаа алдында калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калган. Анын кесепетинен 3 бала каза болду. Алардын өздүгү такталып жатат.
Жеринде Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана Ош шаардык №13 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Ошондой эле кырсык катталган жерге ИИМ, Тез жардам кызматы тартылган.