7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто опузалап 400 миң сом талап кылган милиция кызматкерлеринин тобу аныкталды

460

Ошто опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, башка кызматкерлердин тобунун курамында Ош шаарынын тургунунан 400 миң сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Ош шаардык ИИБнин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалды. Көрүлгөн чаралардын жүрүшундө жогоруда аталган милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталды.

Учурда кармалган Ж.у.Н. карата эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Ошол эле учурда, бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

«Издөөдө жүргөн кызматкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана алардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнө телефон: 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14 аркылуу кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461