Ташкенттин Сергелий районундагы кампадагы жарылуудан 16 жаштагы бала каза болуп, 163 адам жараат алды. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу жазып чыкты.
Ал эми, Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 24 киши Республикалык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жаткырылды. Жарадар болгондордон 138си амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө жиберилди.
Ошондой эле, Ташкент шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков кампадагы жарылуудан жабыркаган үйлөрдүн саны боюнча алдын ала маалыматтарды жарыялады. Анын айтымында, 26 көп кабаттуу үйдөгү 592 батирдин, 8 соода жана тейлөө түйүнүнүн, 1 мектеп жана 2 бала бакчанын фасады, терезе алкактары жана айнектери зыянга учурады. Ошондой эле 24 көп кабаттуу жана 25 жеке үйдүн чатыры талкаланды.