21-мартта саат 19:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Сулайман-Тоонун жанында адамдарды тоноого шектүү катары төрт мектеп окуучусун кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул тууралуу башкармалыкка төртунчү ирет даттануу келип түшкөндөн соң кызматкерлер тоонун жанына буктурма уюштурушкан. шектүү катары кармалгандардын жанынан башка адамдарга таандык эки iPhone жана бир Redmi уюлдук телефону табылды. Шектүүлөр Ош шаарына Кара-Суу районунан келишкени аныкталды.
«Алар жалгыз өтүп бара жаткан балдарга кол салышкан. Жабырлануучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алышкан. Кармалгандардын бардыгы — Т.А., Ж. у. Б., A. у. M., Ж.у. А., 2004-жылы туулган, ошондой эле бир класста окушкан.
Каракчылык фактылары боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Жашына байланыштуу кармалгандардын бардыгы үй камагына чыгарылды. Ата-энелеринин коштоосунда алар үйлөрүнө кетишти.