7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто сүт заводун куруучуларына айып пул салынды

338

Кара-Суу районунун Социализм айылындагы сүттү кайра иштетүүчү цехтин курулушунун жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө цехтин курулушунун техникалык регламенти, курулуш ченемдери, эрежелери жана алар менен байланышкан бир катар ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы аныкталган.

Мындан улам акт түзүлүп, курулуш иштерин жургүзүп жаткан «Ала-Тоо Амир» ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

«Бүгүнкү күндө компания тарабынан курулуштагы кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Курулуш министрлиги курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.

339