Ошто батир берүүчү болуп жарандарды алдап жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
- Маалыматка ылайык, бул кылмыштуу топ Ош шаарынын аймагынан февраль-март айларында «убактылуу жашаганга батир беребиз» дешип, жарандарды алдашып, 6 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейинки акчаларын алдын ала алышып, изин жашырып жүрүшкөн. Батир издеген жарандарды түрдүү рекламалык сайттардан, гезиттерден табышып, өздөрү батир сунушташкан. Алдын ала акчасын алган соӊ, түрдүү даректерден ачкычты алууну айтышып, өздөрү качып кетишкен. Мисалы, жабырлануучу бир аялдан 13 миӊ сом алган соӊ, «үйдүн ачкычын «Народный» дүкөнүндө иштеген сатуучуга берип койгондугун, барып алып, үйгө кире берээрин айтып алдаган.
Ош шаарынын тургуну 1997-жылы туулган Ж.А жана анын кылмыштуу шериги 1993-жылы туулган М. М кармалышты.
Экөө теӊ мурда соттолушкандар. Бул кылмыштуу топтон жабыркаган 6 жабырлануучулардан арыз келип түшкөн. Шектүүлөр убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.