7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рахманов: «Клооп» сайты Ташиевдин сөзүн бурмалагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын унутпашы керек

393

«Клооп» сайтында Камчыбек Ташиевдин сөзүн атайылап бурмалоо, анын арты менен Камчыбек Кыдыршаевичти каралоо аракети көрүлгөнүнө күбө болдук.

«Ал «адам укуктарын сыйлоочулар», Камчыбек Ташиевдин Сузак районундагы жаңыдан курулуп баштаган төрөт үйүнө капсула салуу аземинде «…кыз келиндерибизди, эже-карындаштарыбызды, эне-апаларыбызды сыйлашыбыз керек, ошондо гана күчтүү мамлекетке айланабыз…» деген тариздеги сөзүндө, «кыздарды инкубатор катары сыпаттады, төрөбөгөн кыздарды басмырлады…» деген өңүттө жарыялап, «талдап» беришти. Бул албетте, сөздүн маани маңызын түздөн-түз бурмалоо жана жеке кызыкчылыктары (бул учурда Камчыбек Ташиевди каралоо кызыкчылыгы даана байкалып турат) үчүн коомчулукта терс пикир жаратуу аракети катары бааланат.

Камчыбек Ташиевдин сүйлөгөн сөзүн дагы бир ирет жакшылап угуп, кайсыл жерде «төрөгөн гана кыз-келиндерди сыйлап, төрөбөгөндөрдү кордошубуз керек…» дегенин таап көрүңүздөр.

«Клооп» сайтынын бул жоругу даана калп жана маалыматты манипуляциялоо экенин, бул үчүн жоопкеричилик каралганын унутпоого чакырабыз»,- дейт «Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

394