Ошто ири суммадагы акча уурдаган чет өлкөлүк жаран кармалганын Ош ШИИБден билдирди.
Милицияга Тилеке-Баатыр көчөсүндө жайгашкан соода маркеттеринин биринин ээси арыз менен кайрылган. Анда, 29-январга караган түнү аталган дүкөндүн ичинен белгисиз жаран жалпы суммасы 5 млн 350 миң сом акчаны уурдап кеткендигин билдирген.
Уурулук жасагандар адегенде экинчи кабаттын терезеси аркылуу киришип, экинчи кабаттан биринчи кабаттагы соода маркетине ортодогу шыпты атайын каражаттар менен бузуу жолу менен киришкен.
9-февраль күнү кылмышка шектүү катары алыскы чет өлкөнүн жараны кармалды. Ал 1997-жылы туулган, Ош шаарындагы медициналык багыттагы жогорку окуу жайлардын биринде контракттын негизинде окуган С.Б. аттуу жаран болуп чыкты. Өзүнүн көрсөтмөсүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, аталган соода маркетинде сөзсүз акча болорун боолгоп жүргөндүгүн билдирди.
Шектүү уурдалган акчанын коротууга үлурбөй калган 819 460 сомун кайтарып берген. Андан сырткары сомду долларга алмаштырып, 37 500 доллар акчаны өз мекенине которгон, 1600 доллар акчаны окуган окуу жайына төлөгөн. Калган сумманы өз кызыкчылыгына короткон.
Шектүү тергөө абагында кармалып жатат. Учурда тергөө уланууда.