7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автобуста 140 миң сомдук айфонду уурдап жаткан шектүү видеого түшүп калган

545

Коомдук транспортто уурулукту мыкты өздөштүрүп алган чөнтөкчүнүн иши видеого түшүп калган. Анда, белгисиз эркек киши автобуска кирген кызга жакындап келип, пальтосунун ачык чөнтөгүнөн уюлдук телефонду тымызын уурдап кеткенин көрүүгө болот.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 31-январда кечинде №42-автобуста пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 140 миң сомдон ашкан «iPhone 15 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “уурдоо” менен кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары “Тырыш” каймана аты менен белгилүү болгон 1990-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жети жолу соттолгон. Мындан тышкары, ал буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча РИИБге жеткирилген. Учурда дагы тергөө иштери жүрүп жатат»,- дешти ИИМден.

546