Британиялык актёр Роуэн Аткинсон Мистер Биндин ролу менен дүйнөгө белгилүү болгон. Ал 1955-жылы 6-январда Англиянын Консетт шаарында төрөлгөн. Бул макалабыздан актёр тууралуу фактыларга токтолдук.
1.Роуэн Аткинсон дээрлик тамашакөй каармандардын ролдорун ойногонуна карабастан, жашоодо ал өзүнүн интеллекти менен белгилүү. Мектептен кийин ал инженер болууну кыялданып, Ньюкасл университетинин электроника факультетин бүтүргөн жана Оксфорддон магистр даражасын алган.
2. Тубаса таланттуу актёр. Өзүн дайыма жөнөкөй жана уялчаак деп сыпаттаганы менен, анын тубаса таланты бар болчу. Классташтары анын тамашасын жакшы көрүшчү, өзү да досторун күлдүргөндөн тартынчу эмес.
3. Интервью бергенди жактырбайт.
Ал бала кезинен бери кекечтиктен жабыркап келет, интервью берүүнү жактырбоосунун себеби да ушул. Бирок, бул нерсе актёрдун чоң ийгиликтерди багындыруусуна тоскоол боло алган жок.
4. Аткинсон унааларды жакшы көрөт. Аларга болгон кызыгуусу бала кезинде атасы трактордун рулуна отурууга уруксат бергенден баштап пайда болгон. Актёр Aston Martin, Honda, Audi жана алтургай MC Laren F1 сыяктуу спорттук унаалары бар. Бирок, хоббисинен улам кырсыкка көп кабылат. Ошондой эле, учакты да башкара алат.
5. Ал болочок жубайы менен болгон биринчи жолугушуусунда дээрлик көп убакыт унчукпай жүргөн.
6. Актёр 2013-жылдын 1-октябрында «Ислам» динин кабыл алган.
7. 2012-жылы пенсияга чыккан. Ошол эле жылы Роуэн Аткинсон Мистер Биндин образын колдонууну улантуудан баш тарткан, анткени анын жашы бул каарманга такыр туура келбестигин түшүнгөн. «Бул коммерциялык жактан эң кирешелүү каарман болчу, бирок мен мурункудай бейкапар боло албайм. Физикалык мүмкүнчүлүктөрүм акырындык менен өчүп баратканы аз келгенсип, өзүм 50 жашка чыкканда мындай каармандын ролун ойноо бир аз кейиштүү…» — деген.