7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто түркиялык инвесторлор тарабынан жаңы, заманбап аэропорт курулат

287

Ош облусунун аймагына жаңы аэропорт куруу маселеси кайра көтөрүлүп, түркиялык инвесторлор каржылоону сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.


Ошко жаңы эл аралык аэропорт куруу стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ экени белгиленет. Бул учун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынан 500 гектар жер бөлүнгөн, бирок каражат маселеси чечилбей токтоп калган.


«Буга чейин кытайлык жеке компания аба майданын куруу ниетин билдирген. Бирок стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес. Эми Түркия мамлекети тарабынан каржылоо сунушу түшкөн. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.


Аэропорт куруу пландалган аянтка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов барып, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилерине өкмөткө сунуш даярдоо тапшырмасын берген.
Ошко жаңы аэропорт куруу демилгеси алгач 2016-жылы көтөрүлгөн болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

288