7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто талаага көмүлгөн жансыз дене табылды (ФОТО)

191

Ошто каракчылыкка шектелип кармалгандардын активдүү мүчөлөрү тарабынан Ноокат районунда 2022-жылы адам өлтүрүү фактысы болгондугу аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

9-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагында куралдуу каракчылык жана терроризмге көмөктөшүүгө шектүү катары 11 адам кармалып, алардын ичинен 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-ноябрга чейин дагы бул топко тиешелүү 17 адам кармалган. Ушул кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болгон 1980-жылкы жана 1990-жылкы жарандар Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургунун өлтүрүшкөндүгү аныкталды.

Болжол менен 2022-жылдын август айында 2 шектүү маркумду Ош шаарынын Черемушка кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан жолуктурушуп, сүйлөшүп келүү үчүн унаасына отургузушуп, Ноокат районунун Арал айылындагы адыр талаага алып барып, муунтуп өлтүрүшүп, жогору чыңалуудагы электр мамысынын жанына көмүп коюшкандыгын билдирген. Айыпкердин көрсөтмөсүнүн негизинде, 18-ноябрда көрсөтмөнү жеринде текшерүү тергөө амалын жүргүзүү учурунда маркумдун көмүлгөн жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча тийиштүү материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алып, 18-ноябрда кылмыш иши козголду.

Айыпкер 1980-жылы туулган жарандын берген көрсөтмөсүнө караганда каза болгон жаран буга чейин булардын кылмыштуу тобунда болуп, кийин өз алдынча бул кылмыштуу топтон чыгып кеткени жана кылмыштуу топ тууралуу маанилүү маалыматтарды билгени үчүн жазалашкан. Алгачкы тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, каза болгон жарандын жансыз денеси Ош облустук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, сырттан кароо жүргүзүлгөн жана анын туугандарынын катышуусунда өлүктү таанытуу тергөө амалы жүргүзүлгөн. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын толук жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө, айыпкердин берген көрсөтмөлөрү текшерилүүдө.

Айыпкер буга чейин мурдагы кылмыштарынын алкагында айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган. Ал эми анын кылмыштуу шериги 1990-жылы туулган У.Д. 2023-жылдын 17-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөтүп, атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган.

192