Мамлекет башчысы Япониянын жалпы улуттук NHK каналына интервью берип, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу кеңири айтып берди.
Журналист Садыр Жапаровдон эл аралык кыйын кырдаалда Кыргызстандын позициясын сураган.
«Кыргызстан кичинекей мамлекет. Биздин бир тараптуу позицияны карманарыбыздан эч нерсе өзгөрүп кетпесе керек. Бирок дайыма нейтралдуу позицияны карманып келебиз. Кыргызстан Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Кытай, Казакстан менен чек ара маселеси мурда эле бүткөн. Өзбекстан менен бул маселеге былтыр чекит койдук. Эми Тажикстан калды. Бул мамлекет менен да чек ара темасына чекит коюлат деп күтүп жатабыз. Кандай гана маселе болбосун, аны тынчтык, дипломатия, сүйлөшүү жолу менен чечсе болот деп айтат элем. Кыргыз менен тажиктердин башынан эки кагылышуу өттү. Мындай чыр-чатактар эч кандай пайда бербей турганын эки жак тең түшүндүк. Азыр тынчтык жолу менен чечип жатабыз. Дүйнөдө болуп жаткан жаңжалдар сүйлөшүү, дипломатия жолу менен чечилсе жакшы болот эле», — деген Жапаров.
Өлкө башчы журналисттин Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтык жана анын келечеги, ошондой эле башка эл аралык маселелер боюнча суроолоруна да жооп берген.