Астананын тургуну автобустар толуп, жүргүнчүлөр батпай жатканына нааразы болду. Тактап айтканда, ал №37 каттамдагы коомдук транспорттун көйгөйлөрүн белгиледи.
Астананын «saryy_gl» каймана аты менен таанылган тургуну TikTok баракчасына автобустун абалы тууралуу маселени айтып, видеосун жарыялады.
«Баарыбыз мектепке жана жумушка бара жатабыз. Автобуска батпайбыз, эшик араң жабылат. Бир нерсе кылгыла», — деп кыз өзүнүн видеосун жүктөгөн.
Видеонун астына 500дөн ашуун пикир жазылган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары автобустардын абалы чындап эле оор экенин белгилешүүдө.