7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

669

Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деген коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп туруусун талап кылышканы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чаралардын алкагында 29-июнда жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670