7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаран 2 млн сомдук тооктун жумурткасын алдатып жиберген

970

Январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну 1 миллион 900 миң 176 сом турган 462 коробка тооктун жумурткасын алдамчылык жолу менен ээлеп алган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

«Бишкектеги тергөө абагында камакта жаткан жаран аныкталган. Ал дагы бир жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтөбүз деп алдамчылык жолу менен жабырлануучудан Сокулук районунун аймагынан Ош шаарына жумуртка жеткирүүгө буюртма алышкан. Жабырлануучу сатып алган тооктун жумурткаларын Сокулук районундагы өндүрүүчүдөн алып, Базар-Коргон районуна барып сатып, акчасын алышкан. Табылган далилдердин негизинде кылмыштуу топтун катышуучусуна айып коюлган»,- дешти ИИМден.

Учурда тергөө улантылууда жана кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

971