Бишкек шаарында жана Чүй облусунда орун алган катуу шамалдын кесепетинен жабыркагандардын саны 24 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Ооруканаларга 24 адам кайрылып, анын төртөө жаткырылса, калгандарына амбултордук жардам көрсөтүлдү. Жабырлануучулардын биринин абалы орточо оор, калгандарынын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Көбүнүн башы жана денеси сыйрылган, кесилген жаракаттарды алышкан, биринин жамбаш сөөгү сынган.
Эскерте кетсек, 28-мартта ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.