7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Суу прокуратурасы: Шаардагы дарыгер балдардын ден соолугуна кайдыгер караган

524

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан балдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылуу факты аныкталды. Бул тууралуу шаардык прокурордун жардамчысы Н.Катаганова билдирет.

Майлуу-Суудагы №1 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу өпкөмө кургак учук жугузуп алдымбы деген шек менен №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган. Бирок кургак учуктун ачык түрүнүн белгилери бар экенине карабастан, дарыгер Б.Ф., тез арада диагнозду тактоо үчүн чара көргөн эмес.

Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлик практикалык борборунда 5-мартта рентгенден өткөндөн кийин ал бейтапка «Ачык түрдөгү өпкөнүн кургак учугунан шектенүү» деген диагноз коюлганына карабастан жана аны билип туруп, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө дароо Ноокендеги район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун Майлуу-Суу бөлүмүнө шашылыш билдирүү жиберген эмес.

29-февралда ал дарыгер окуучу бейтапты текшербей туруп эле, анын апасына «эмгекке жөндөмдүү» деген тактама жазып берген. Ошол себептен 20-мартта Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан административдик укук бузуу факты боюнча иш козголуп, шаардык сот дарыгерге 10 миң сом айып пул салган.

Мындан тышкары, мектептин администрациясы менен врач-паразитологдун жардамчысы Ж.Р. балдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасагандыгынын кесепетинен карантиндик чаралар өз убагында көрүлбөгөндүгү аныкталган. Шаардык прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү сунуштары жиберилди.

525