Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлү Жаркынай Галиева «Крокус Сити Холл» концерттик залында кайгылуу окуя болгон күнү жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы жана каармандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары Ислам Халиловго, Рустам Бакытбековго жана Белек Курманбековичке Ардак грамоталарын тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө аларга чың ден-соолук, жашоодо ийгиликтерди каалап, бул баатырдык сапатты эч качан жоготпоого кеңеш берди.