Баткенде жарандын уюлдук телефонун жана акчасын тартып алган шектүү кармалды. Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-март күнү болжол менен саат 20.00 чамасында Ош облусунун Алай районунун 29жаштагы М.И.аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарындагы машина базарда жүргөн жеринде, ага бейтааныш болгон азиат улутундагы жашы болжол менен 35-40 чамасындагы жаран күч колдонуп, базар баасы 10 миң 500 сомдук кол телефонун жана 500 сом акчасын тартып алып койгонун билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноочулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин милициянын уполномоченныйлары тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун мурда соттолгон 37жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну аныкталып кармалган.
Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.