7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

358
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз-Казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүү жасашты.
Төмөндө кол коюлган документтер:
— Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
— 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чаралардын планы;
— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;
— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстан Республикасынын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.

359