7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жасалма бренддик мотор майларын саткандар кармалды

314

Сатылып жаткан мотор майларынын сапаты боюнча көптөгөн даттанууларга байланыштуу Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагында ири автомайлоочу майлардын кампаларына тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Фирмалардын директорлору жана жөнөтүүчүлөрү мотор майларынын бренддик соода маркаларынын дилерлери болушуп, сапаты төмөн майларды контрабандалык жол менен алып келишкендиги аныкталган. Табылган мотор майларынын бардык идиштеринде  1-мартынан тартып күчүнө кирген акциздик маркалары жок болгон. Экспертизанын жыйынтыгы алардын сапатынын төмөндүгүн, курамында “щелочтук элементтердин” жоктугун көрсөткөн. Мотор майларынын бул касиети кыймылдаткычтарды мөөнөтүнөн мурда эскирүүдөн коргоо үчүн жооптуу. Алардын кызматын «тендерчилер» дегендер колдонуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тил табышып, оригиналдууга жамынып жасалма майларды алып келишкен» — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы май алмаштыруучу айрым түйүндөрдө Россияда өндүрүлгөн арзан майларды, андан ары сатуу үчүн бренддик маркалардын идиштерине куюу фактылары аныкталган.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

315