Ош шаарында жаш кыздын телефонун уурдап кеткен 3 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 8-апрель күнү саат 23:15 чамасында 102 кызматына Ош шаарынын 2005-жылы туулган тургуну Т.А. кайрылып, 15 миң сомдук кол телефонун белгисиз балдар алып, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаага түшүп кетишкенин билдирген. Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери саат 23:20 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка жана К.Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги күрөөканалардын алдынан издөөдө жүргөн унааны кармашкан. Унаадагы 2003-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган А.Н., 2004-жылы туулган П.М. телефонду күрөөгө койгону жатышканы аныкталды.