7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн өлкө боюнча көчмө урна менен 19 298 жаран добуш берет

552

Борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда көчмө урна менен добуш берүү үчүн 19298 арыз түшкөн.

Алар бүгүн, таңкы саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин добуш беришет.

Көчмө урна менен добуш берүү алдын ала арыздын негизинде, төмөндөгү жарандар, шайлоого бир күн калганнда уюштурулат.

  • шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар;
  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.

Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:

  • калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;
  • өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары.
АШК

саны

Кеңештердин

саны

УШК

саны

Жайдан тышкары добуш

берүүгө түшкөн арыздардын

саны

Республика

боюнча бардыгы:

52 393 1483 19298
Бишкек ш. 1 1 228 4990
Ош ш. 1 1 73 1519
Чүй облусу 9 81 173 2830
Ош облусу 7 82 333 3811
Жалал-Абад облусу 10 60 246 2691
Нарын облусу 6 57 128 1217
Ысык-Көл облусу 7 48 134 912
Баткен облусу 6 31 110 883
Талас облусу 5 32 58 445

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

553