Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы үч бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын экөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 10-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 208 кишиден жаңы аныкталды. Алардын ичинен 128и Бишкекте катталды. Чүй облусунда 66, Ош облусунда 2, Нарында 2, Ош шаары менен Баткен облусунда бирден учур, Ысык-Көл облусунда 8 учур аныкталган. Жалал-Абад жана Талас облустарында оору жугузгандар жок.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1519 кишиге жетти. Оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 90 019 кишини түздү. Анын 85 824ү айыкты. Акыркы бир суткада 105 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.
Расмий маалыматка караганда, учурда 833 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Үй шартында дарылангандар 880 киши.