Ошто турмуш жолуна аттанган жаш жубайлар, той, шаң-шөөкөттүн ордуна жардамга муктаж 50 мектеп окуучусуна окуу куралдарын алып беришти. Бул тууралуу облустук муфтия билдирди.
Жаш жубайлар Тынчтык менен Бегимайдын баш кошуу үлпөтү Ош облусунун мусулмандар казыятында өтүп, ага облус казысы Сайдамир Жейналиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова жана мектеп окуучулары катышкан.
Саамалык алкагында облус казысы эки жаштын бул кадамы ырксыз чыгымдар менен күрөшүү экендигин баса белгилеп, ыразычылык билдирген. Ошондой эле облус казысы мындай көрүнүш башкаларга дагы үлгү болсо дейт.