7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба багытындагы жерге үй салгандар, компенсация төлөөдөн бошотулду

1357

Кечээ, 13-август Президент Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандарды, айыл чарба жоготуулары үчүн төлөнүүчү салымдардан бошотту.

«Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот» —деп жазылган.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет.

Аталган мыйзам кечеги күндөн тартып күчүнө кирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1358