7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобуна таандык курал-жарак жок кылынды

20

Ош облусунда криминалдык авторитет К. ДосоновдунЖенго») уюшкан кылмыштуу тобуна таандык курал-жарак арсеналы жок кылынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ишенимдүү маалыматка ылайык, табылган курал-жарак «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон кылмыштуу авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Текшерүү учурунда УКМК кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр табылып алынган:

— 12 даана Калашников автоматы (АК);
— 2 даана “Беретта” жана “Макаров” согуштук тапанчалары;
— 2 даана (кесилген стволдуу) жылмакай мылтык;
— 11 даана Калашников автоматынын магазини;
— 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар – 700 даана (1 герметикалык металл куту – «цинк»)
— 9×19 мм калибрдеги ок-дарылар – 58 даана;
— 9×18 мм калибрдеги ок-дарылар – 66 даана;
— курал тазалоочу каражаттар – 8 даана.

Тергөө маалыматтарына ылайык, көрсөтүлгөн курал-жарак арсеналы өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде республикадагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу максатында даярдалып, бул үчүн «ылайыктуу учурдун» келүүсү— Кыргыз Республикасында ички саясий жана социалдык-экономикалык абалдын курчушу күтүлгөн. Мындай жагдай республика ичиндеги деструктивдүү кызыктар күчтөр тарабынан атайылап козутулушу мүмкүн болуп, алардын максаты — учурдагы бийликти антиконституциялык жол менен алмаштыруу болгон.

Мындан тышкары, трансулуттук кылмыштуу топторго өкүлчүлүк кылган таасирдүү криминалдык авторитеттер тарабынан сырттан колдоо күтүлгөн, алар «воровская идея» деп аталгандын таасири астында жана кылмыш дүйнөсүнүн «Братский круг» таасиринин кайтып келиши менен Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуулуктун базасын кайра түзүү ниетинде болушкан.

Кылмыштуу элементтердин акыркы максаты, эгерде ыңгайлуу саясий кырдаал жаралса, куралдуу төңкөрүш жасоого аракет кылуу жана андан кийин кылмыш дүйнөсү тарабынан башкарылган саясатчыны бийликке келтирүү болгон.

Мындан тышкары, светтик түзүлүшкө каршы биргелешкен каршылык көрсөтүүдө диний риториканы колдонуу аркылуу эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын колдоосуна да таянуу пландалган.

Бул жашыруун курал сакталган жайдын өз убагында табылышы кылмыштуу топтун күч колдонуу базасын нейтралдаштырууга жана массалык башаламандыктарды уюштуруу, ошондой эле куралдуу провокацияларды жасоо пландарын үзгүлтүккө учуратууга мүмкүндүк берди.

Азыркы учурда курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык жана криминалистикалык экспертизага жөнөтүлдү. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып, уюштуруучуларды, каржылык демөөрчүлөрдү жана башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүрүп жатат.

21