7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жер титиреди

679

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 31 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөө Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

680