7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн 16 чет өлкөлүк жаран кармалды

383

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте 3-июндан 9-июнга чейин өлкөдөгү мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган «Нелегал-2024» республикалык масштабдагы ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүп жатат.

“Нелегал 2024” операциясы ЖККУга мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөнүн жарандарынын мыйзамсыз миграциясына каршы жамааттык системаны калыптандыруу боюнча иш-аракеттер планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган операциянын алкагында, 3-июнда Бишкек шаарында УКМК тарабынан КР аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен, ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 16 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Чет өлкөлүк тартип бузуучулар Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, (анын ичинде аларды КРга чакырган адамдар жана уюмдарга карата)  өткөрүлүп берилди.

Ыйгарым укуктуу органдар мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

 

384