Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 30-ноябрда саат 15:18де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Кара-Суу районунун Правда айылдарында 2,5 баллга (Куршаб айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Правда айылынан 5 чакырым чыгышта, Мырза-Арык айылынан 6 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 37 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.