7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жерди басып алууга, денеге зыян келтирүү жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

476

Мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тактак айтканда, 6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында  Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу  ооруканага жаткырылган. 

Аталган маалымат 6-август күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, кылмыш иши козголгон. 

Ошондой эле, 27-апрель күнү Карасуу районунун Коңурат айылынын тургуну 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6-сотка жерине Куттубек аттуу атуул «Менин чегим»-деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, куч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат 27-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну  мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 10-август күнү Ошто кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

477