7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 12 адам тамакка ууланып, экөө каза болду

686

Кара-Суу районунда туулган күнгө келген 12 адам ууланып, 2 адам каза болду, калгандары орто абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу «Turmush» басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков тастыктаган. Уулангандар 6-март күнү Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну И.Анын 60 жылдык мааракесин белгилеп, үйүнө коноко барышкан. Конокко жакын туугандары, достору болуп жалпы 25ке жакын адам келген.

«7-8-март күндөрү айрымдарынан уулануунун белгилери байкалган, бирок алар дароо ооруканага кайрылбастан үйүндө өз алдынча дарылана беришкен. 9-март күнү туулган күн ээси да ооруп, Наримандагы ооруканага кайрылгандан кийин ууланып калганы белгилүү болгон. Туулган күн ээсинин 1970-жылы туулган келини, кечээ 10-март күнү, Нариман ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Ал эми 1963-жылы туулган досу, Ош шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бүгүн, 11-март эрте менен каза тапты.
Уулангандар менен байланышта болгон дагы 11 жаран бар», — деп жазылат маалыматта.

Эмнеден ууланганы боюнча так маалымат чыга элек. Туулган күнгө коюлган ширелер алып келинип, Кара-Суу районундагы лабораторияда текшерилип жатат. Дасторкондо салаттан эч нерсе калган эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгы үч күндө чыгат.

Оооруканага жаткандар ууланып калганы үчүн ботулизмге каршы укол алышкан. Ашказандары толугу менен тазаланган. Абалдары орто оор. Учурда баары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

687