7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жардам бергиле». Ошто 19 жаштагы кызды ала качып бараткандар кармалды

6742

Ошто 2002-жылкы кызды ала качкандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 19-октябрда белгисиз жарандар кызды күч колдонуп унаага салып кеткенин милицияга кабарлашкан.

Кыз унаанын терезесин ачып «жардам бергиле» деп кыйкырып, аны уккан кызматкерлер дароо унааны токтотушуп, жарым сааттын ичинде Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылына жеткенде кармалган.

Жабырлануучу 2002-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну К.Ж атту кыз болгон. Кызды ала качкандар Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган К. у. А. жана 1996-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургундар.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош ШИИБине өткөрүлүп берилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6743