7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу медреседе 12 жаштагы өспүрүм реанимацияга түшүп калгыча сабалган. Окуянын чоо-жайы

1314

Ош облусундагы медреседе 12 жаштагы бала денесинен оор жаракат алгандыгы боюнча Ош ОИИБ маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө кабар келген. Анда, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургуну 12 жаштагы М.А. денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгүн аймактык ооруканадан билдиришкен.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Экпертизанын корутундусуна ылайык, 12 жаштагы М.А. денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

Ал эми, Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А., жана 12 жаштагы Э.А. тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы жаш балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы он төрткө толгон бала ушул Кодекске ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруудагы жаш балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши Кылмыз-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган. Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде кылмышка шектүүлөрдүн ата-энелерине айып пул салынган. Бул жагдай боюнча нараазы болгон маселе боюнча жабырлануучу тарап жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу»,- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1315