7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу сел: Камаз жаранды тебелеп кетип, жеринде каза болду

494

Ош шаарынын аймагындагы коомдук-саясий абал боюнча (саат 19:30га карата) маалымат

14-июль күнү Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван — Ак-Буура каналына 7 автоунаасын сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Өзгүр айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн камазга элди жүктөп жатып, камаз жылып кетип 1 жаранды тебелеп кеткен. Натыйжада 1 жаран жеринде каза болгон. Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.

Ош шаарынын мэри — Жарандык коргонуунун башчысы Б.Ж. Жетигенов саат 18:00дө Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Ошону менен катар Ош шаарынын аймагына Өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана КРнын ӨКМнин Ош шаары бюнча башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык гарнизонунун өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жолгонгон жарандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

495