7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
99,55
EUR 0,00%
1,16
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Оштун мурдагы губернатору Экономика жана каржы министринин орун басары болду

1267

Жарасул Абдураимов экономика жана каржы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, кечээ 22-июлда кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Жарасул Абдураимовдун өнөр жай тармагындагы бай тажрыйбасы эске алынып экономика жана каржы министрлигине которулду» -деп маалымдалат.

Белгилүү болгондой Абдураимов буга чейин бир катар өндүрүш объекттерин башкарган. Ал эми Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Зиядин Жамалдинов дайындалды. Ал 2015-жылдан 2020-жылга чейин «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын август айында болсо депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1268