7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таиланд, Мексика, Кипр. 9 өлкөгө визасыз кирүү режими кабыл алынды

1422

Президент Садыр Жапаров «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Ага ылайык Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика өлкөлөрүнө 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилди.

Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү максатында кабыл алынган.

Ошондой эле Министрлер кабинетине улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоо максатында, визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугу менен берилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1423