Япониянын Токио шаарында өтө турган дүйнөлүк жайкы Олимпиада эртең, 24-июлда старт алат. Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.
Төмөндө Токио Олимпиадасындагы кыргыз спортчуларынын беттешке чыгуу күн тартибин сунуштайбыз:
- 24-июль, пневматикалык мылтык менен ок атуу 10 метрден атуу — Каныкей Кубанычбекова;
- 25-июль, фехтование 1/32 финал — Роман Петров;
- 25-июль, сууда сүзүү, 100 метр аралыкка — Денис Петрашов;
- 27-июль, дзюдо (81 килограммга чейин) — Владимир Золоев;
- 28-июль, сууда сүзүү, 200 метр аралыкка — Денис Петрашов;
- 31-июль, оор атлетика, 96 килограмм салмакка чейин — Бакдөөлөт Расулбеков;
- 1-август, грек-рим күрөшү, 60 килограмм салмакка чейин — Жоламан Шаршенбеков;
- 1-август, эркин күрөш, 76 килограмм салмакка чейин — Айпери Медет кызы;
- 2-август, грек-рим күрөшү, 77 жана 97 килограмм салмакка чейин Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков;
- 2-август, эркин күрөш, 68 килограмм салмакка чейин — Мээрим Жуманазарова;
- 3-август, жеңил атлетика, 5000 метрге чуркоо — Нурсултан Кеңешбеков;
- 3-август, грек-рим күрөшү, 87 килограмм салмакка чейин Атабек Азисбеков;
- 3-август, эркин күрөш, 62 килограмм салмакка чейин — Айсулуу Тыныбекова;
- 5-август, эркин күрөш, 65 килограмм салмакка чейин — Эрназар Акматалиев;
- 6-август, эркин күрөш, 125 килограмм салмакка чейин — Айаал Лазарев;
- 8-август, жеңил атлетика марафон, аялдар арасында — Дария Маслова.
Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөт.