7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио Олимпиадасын түз чагылдырууга жаңы телеканал ачылды

730

Токио 2021 жайкы Олимпиадасы бүгүн, 23-июль кечки саат 17:00дө башталат.  Кыргызстандан ага 16 спортчу  катышат. Олимпиаданын ачылуу аземи пандемияга байланыштуу, бир катар чектөөлөр менен өтөөрү айтылган.  Аны чагылдырууга Кыргызстанда атайын жаңы телеканал ачылган. 

КТРКнын продюсери Шайырбек Арапов, «Азаттыкка» берген маегинде Коомдук телерадиокорпорациясынын алдында «КТРК-Спорт-2»- деген канал ачылганын кабарлаган.

Эми мекендешетер катышкан эл аралык Олимпиада оюндарын, КТРК-Спорт жана КТРК-Спорт-2 телеканалдарынан тандап көрүү мүмкүнчүлүгү бар. 

Олимпиадага дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекетинен 12 миңден көбүрөөк спортчу катышууда. Кыргызстандык спортчулар 24-июлдан баштап күч сынаша баштайт. Жабылуу аземи 8-августта болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731