7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандын өкмөт башчысына Ала-Арчада маданий программа көрсөтүлдү

218

Президент Садыр Жапаров жана Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программа менен таанышты.

Делегация башчылары орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган «Кыргыз айылы» көргөзмө комплекси уюштурулган «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты.

Конокторду добулбастардын коштоосунда төкмө акындар, зоот кийимчен баатырлар жана улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты. Пакистан делегациясына кыргыздын салттуу тамактары, ошондой эле кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, анын ичинде килем, шырдактар, боз үйдүн бөлүктөрүн, кылыч жана айбалталарды жасоо өнөрү көрсөтүлдү.

«Кайбар» элдик-фольклордук ансамбли Кыргызстандын жана Пакистандын элдеринин музыкалык чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк классиканын чыгармаларын аткарып беришти. Чет өлкөлүк меймандарга ошондой эле алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу өнөрү көрсөтүлүп, улуттук бийлер тартууланды.

219