7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Акыркы жылдары саясий диалог активдүү жана ырааттуу өнүгүп жатат

6

Бүгүн, 2-сентябрда, Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген саясий маселелер жок экенин айтты. Президент акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги саясий диалог активдүү жана ырааттуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

7