7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пандемиядан улам ажылыкка бара албай калгандардын акчалары кайтарылат

254

Пандемиядан улам өткөн жылы ажылыкка бара албай калгандарга акчалары кайтарылууда. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиргендей, 2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9 миң 586 адам катталган.

«Акчасын кайтарып алууну каалаган жарандар ажылык сапарды уюштуруу штабына арызын жазып, себептерин түшүндүргөндө автоматтык түрдө акчасы анын эсебине которулат. Ошондой эле ал жаран электрондук тизмеден чыгарылат. Ал эми ажылыкка барам дегендер тизмеде кала берет, акчасы кайтарылбайт. Кезеги келгенде ажылыкка барып келет. Акчасын кайтарып алам дегендерге эч тоскоолдук жок, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы даттануулар болгон жок», дешет мекемеден.

Муфтияттан кошумчалашкандай, 2019-2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн катталган жарандардын ичинен 5 миң 526сы 3 миң 350 доллар, ал эми 4 миң 60 жаран 500 доллардан төлөшкөн. Жалпысынан акчасын 2 миң 488 жаран акчасын кайтаруу үчүн арыз жазышкан. Жалпы 18 миллион 500 доллардай каражат чогулуп, 7 миллион 327 доллары кайтарылган.

Белгилей кетсек, COVID-19 коронавирус инфекциясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы июль айынын аягында чет өлкөлүк зыяратчылар кабыл алынбай турганын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

255